Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Мамлекет иммунитети

МАМЛЕКЕТ ИММУНИТЕТИ – жалпы маанисинен алганда, бир мамлекеттин башка бир мамлекет сотунун алдында башийбестиги (кара:Мамлекеттердин эгемендүү теңчилиги). Иммунитетти чет өлкөлөр, анын органдары менен мүлкү пайдаланат. Эларалык жарыя укук теориясында (эларалык жеке укуктан айырмаланып) жана эларалык тажрыйбада М. и-нин бирнече түрү бар. Соттук М. и. боюнча, ага түз макулдук бергенден башка учурларда, бир мамлекеттин соту башка бир мамлекеттин сотуна доо койо албайт, сот ишине жоопкер же үчүнчү жак катарында катышууга тартылбайт. Доону алдынала камсыз кылуунун М. и-нде мамлекеттик мүлк доону камсыз кылуу предметине жатпайт. Аткаруу М. и-нде мамлекеттик мүлккө карата сот же арбитраждык чечимди мажбурлап аткартуу тартибиндеги чаралар таркатылбайт. Так ошондой тартипте мамлекеттик деңиз кемелерине карата да мажбурлоо чаралары (анын ичинде, доону камсыз кылуу тартибиндеги же мурда чыгарылган сот чечимдерин мажбурлап аткартуу тартибиндеги камакка алуулар) колдонулбайт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: